Улукбек Марипов республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери салык жана салык эмес төлөмдөрдүн, бажы жана камсыздандыруу жыйымдарынын түшүүлөрү боюнча маалымат беришти. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну колдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча сөз болду.

Марипов бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген пландык көрсөткүчтөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.

“Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча иштер эң жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү кажет. Бул жылы күтүлбөгөн чыгымдар бюджетке кошумча жүк артты. Ошондуктан мамлекеттик профилдүү органдардын ар бир жетекчиси өз деңгээлинде мыйзамда каралган зарыл иш-чараларды, анын ичинде бизнести көлөкөдөн чыгаруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча аракеттерди жүргүзүүсү милдет”, – деп айтты ал.

Улукбек Марипов мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөрүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан