Бишкекте чаламандын чак түшүндө энеден туума жылаңач болуп жүргөн кишинин видеосу тарап, ал кармалганы кабарланган. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан окуя 18-июнда болгонун билдиришти.
Анда 18-июнда саат 18:45 чамасында нөөмөт бөлүмгө көчөдө жылаңач киши жүргөндүгү тууралуу кабар түшкөн.
"Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишине патрулдук милиция кызматкерлери барышып, жаранды кармап, райондук бөлүмгө алып келишкен. Жорук жасаган жаран 1987-жылы туулган А.К. экени белгилүү болгон. Андан кийин кармалган жаран Наркологиялык борборго жеткирилген", - дешти мекемеден.