Бүгүн, 25-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Джуди Ченг-Хопкинс Нарын облусуна барды. Муну өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Ченг-Хопкинс облус башчынын орун басары Эмил Алымкулов менен жолугушуп, анда Алымкулов конокко айыл жана мал чарбачылыгы боюнча маалымат берди. "Бизде кыргыз элинин каада-салты, маданияты сакталып калган. Облуста калктын 99 пайызы кыргыздар",- деди Алымкулов.
Джуди Ченг-Хопкинс жылуу кабыл алганы үчүн өкүлчүлүккө ыраазычылык билдирип, Нарындын табиятынын сулуулугун белгиледи. Сүйлөшүүдө аталган уюмдун Нарын облусуна көрсөтүп жаткан колдоосу да айтылды.