Бул жолу да куру эмес. Депутаттыкка талапкер болууну чечкен маданият өкүлдөрү

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо өтөт. Анда Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия, Ош шаардык кеңешке 9, Токмокто 6 партия ат салышат. Бул жолу да шайлоого катышып, саясатка аралашууну чечкен маданият өкүлдөрү жок эмес.

Алсак, "Достор" тобунун солисти, ырчы Жайнагүл Калчаева бар. Ал Бишкек шаардык кеңеште ат салышып жаткан партиялардын курамында.

Ырчы, ишкер Самат Дөөлөтбаков Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесинде.

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого ат салышып жаткан партиялардын биринин курамында актриса, телеалпаруучу Назира Бердигулова бар. Талапкерлигин коюп жаткан Назира айым ийгиликке жетерине ишенет.

"Негизи кайрымдуулук иштери менен көп алектенем. Оор шартта жашаган жарандарыбыздын тагдырына кайдыгер карабай колумдан келгенин жасап келем. Мындан ары деле элдин көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтө берем. Мен ишенем", - дейт ал.

Эске салсак, ушул жылдын 11-апрелинде шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова, ырчы Анжелика талапкер болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kg2020
2021-06-25 09:14:05
Ийгилик
+1
Erik2018
2021-06-25 18:26:28
Самат Доолотбаковду колдойм билими кутчуу, сапаттуу ар тараптуу мыкты депутат болооруна ишенем. Колдоп алалы.
+4
assanov97
2021-06-25 21:26:31
Назира барып жаткандан кийин иштин буткону
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан