Бүгүн, 25-октябрдагы маалымат жыйынында "Коррупцияга каршы коомдук кыймыл" аталышындагы коомдук уюмдун жетекчиси Кубанычбек Шаршембаев "Баткен облусунда 20 жылдан бери жерлер мыйзамсыз сатылып келет" деп билдирди.
Анын айтымында, айылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери элдин арыздарына көңүл бурбай келишет. "20 жылдын ичинде Алчыбай Туралиев менен Алмарс Имаров канчалаган укуктарды бузушту. Жерлерди мыйзамсыз бөлүп жатышат. 1000 гектар жер такталган эмес, алар сатып жатышат. Бул тууралуу прокуратурада да билет. Прокурордун биринчи орун басары Бекмамат уулу Алтынбек арыздарды кайра Кадамжайга жөнөткөн. Бир нече убакыттан кийин анын тууганы 9 гектар жер алды",- деди Кубанычбек Шаршембаев. Арыздар боюнча Баткен облусунун администрациясы тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн кошумчалап: "Биз башкы прокурор Аида Салянова менен жолуктук. Ал аталган фактыны текшерүү боюнча атайын топту Кадамжай районуна жөнөтөрүн айтты",-деп билдиришти Коррупцияга каршы кыймылдын өкүлдөрү.