Ысык-Көл облусунда кичи автобус жолдо жаткан адамды тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 1965-жылы туулган М.А. аттуу жаран жолго жатып алган, ошол учурда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аталган жаранды тебелеп токтогон. Ал эми жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, унаанын астынан маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.