Миңдеген окуучулардын "жакшы балл алып, жакшы окуу жайларга өтүп кетсем" деген аруу ниет менен тапшырган Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул жылы 58 окуучу өлкөнүн эң мыктысы аталып, "Алтын сертификатка" ээ болушту. SUPER.KG порталы "Алтын сертификтака" ээ болгон окуучулар менен тааныштырууну улантат.
Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү, "Алтын сертификаттын" ээси Жанболот Кубанычбеков Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жатат. Ал келечекте программист болгусу келет.
"Мен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулуп-өскөм. Апам аймактык ооруканада нарколог болуп эмгектенет, ал эми атам чет өлкөдөн унаа ташып иштейт. Мен үйдүн тун уулумун, ошондой эле эки карындашым бар", - деп кыскача тааныштырды Жанболот.
Жанболот Жалпы республикалык тестирлөөдөгү көптөгөн тапшырмалар, суроолор мектеп программасынан алынарын айтат.
"Албетте, "Алтын сертификат" алуу оңой болгон жок, көп эмгекти талап кылды. Ошентсе да көп нерсе ошол учурдагы жагдайдан көз каранды. Сынак жүрүп жатканда ээн-эркин отуруш керек. Тестирлөөдөгү көптөгөн темалар мектеп программасында камтылган. Ал эми окуу жана түшүнүү, окшоштуктарды практика аркылуу жакшылап өздөштүрсө болот", - дейт ал.
Ал "Алтын сертификаттын" ээси болгонун укканда алгач ишенбей койгонун жашырбайт.
"Бул жаңылыкты мектептеги мугалимдерим жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары айтышты. Биринчи укканда ишенген жокмун. Рейтингди көргөндөн кийин ишенбөөгө себеп калган жок. Албетте, абдан сүйүндүм", - деп кошумчалады ал.
"Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон, алдыга сүрөгөн жаштардын катарында болгум келет. Кийин үйрөнгөндөрүмдү башкаларга үйрөтүп, капчыгы жукалар да татыктуу билим алуусу үчүн жардам берсем дейм", - дейт Жанболот. Ал мыкты билимге ээ болуу үчүн Гонконг шаарындагы университеттердин бирине тапшырууну пландап жатканын, программист болууну максат кылып жатканын белгиледи.
"Жакында президент менен жолугабыз да. Буга чейин ойлоно элек элем. Бирок азыр толкундана баштадым", - деп сөзүн бүтүрдү Жанболот.
Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.
Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маеги менен бул жерден окусаңыз болот.
Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу "Алтын сертификаттын" ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.
Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.