26-октябрда кндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Талас облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17°C, түнкүсүн +3...+8°C
Баткен облусунда күндүз +10...+15C, түнкүсүн +1...+6°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн 0...+5°C
Нарын облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн -3...+2°C
Бишкек шаарында күндүз +14...+16°C, түнкүсүн +5...+7°C
Борбор шаарда жаан-чачын болушу күтүлбөйт.