Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Түштүк магистраль көчөсүндөгү жаңы көпүрөнүн ачылышына катышты. Иш-чарага шаар башчысы Иса Өмүркулов жана башкалар да келишти. "Азыр Кыргызстанда ак нерсени кара деп айткандар көбөйдү. Атамбаевден жаман президент болгон жок, Бакиев жакшы эле деп жатышат. Кудайды карайлы",- деген президент курулуп жаткан көмөк чордондорду мисал келтирди. Кыргызстанда ар бир жаран колунан келген ишин жасашы керектигин айткан Атамбаев: "Өлкө өнүгүш үчүн ар бир адам колунан келген ишин жасасын. Азыр ар бир суур агроном, анан кантип тартипти орното алабыз",- деди.