"Биздин Кыргызстан" партиясы автобустарды газга өткөрүүнү сунуштайт

“Биздин Кыргызстан” партиясынын программасында шаардагы коомдук транспортко өзгөчө көңүл бурулган. Партия дизелдик күйүүчү майлардан газга өтүүнү сунуш кылат. Газды колдонуу экологиялык жактан таза жана үнөмдүү. Бул биринчиден – экология көйгөйүн чечет, экинчиден - Бишкек шаарынын бюджетин үнөмдөйт.

"Биздин Кыргызстан" Орусия, Өзбекстан жана Белоруссиянын тажрыйбаларын иликтеп чыкты. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын 90 пайызы транспорттук каражаттарга тиешелүү. Газга өтүү автоунаалардан чыккан түтүн, уулуу газдарды сезилерлик азайтат, бул борбор шаарыбыздагы абанын тазарышын шарттайт. Метан газын колдонуу 50 пайыздан ашык үнөмдөөнү берет.

Социалдык чыңалуу да азаят, анткени жол кире 10 сом боюнча эле калат. Солярка жана газдын ортосундагы айырманын эсебинен эмгек акыларды көтөрүүгө болот: автобус жана троллейбустардын айдоочуларынын айлыктарына бир нече миң сом кошулат. Партиянын программасында троллейбус, автобустарды көбөйтүү боюнча жазылган. Ал үчүн Япония, Түштүк Корея, Кытай Эл Республикасынан инвесторлорду тартса болот.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bessmertiy
2021-06-25 15:56:24
Аны мен деле сунуштай берем. Мен деле инвестор тартса болот деп айта берем. Кептин ток этери ошону кантип аткарыша турат. Эртең шайлоодон кийин көрөм автобус жөнүндө аа деп ооз ачканыңарды.
+10
souza.j
2021-06-25 16:02:08
Газ жакшы жарылат. Электробусчу
+7
Shabi
2021-06-25 18:41:31
Жоо жомогун токуп башташтыбы
+7
Agayu
2021-06-25 21:27:38
Орустардын жакшы созу бар .Человек говорит все что угодно дегендей биринчи кылгылачы анан элдер оздору эле тандап алышат .
+4
Sheikh-9
2021-06-25 21:38:36
Койчу айййй
+2
Apyn8793
2021-06-25 21:56:05
Чы.кыңды кана келтиришет да
+3
tsunse
2021-06-25 23:09:08
Мен лично партия сартиясы жок эле сунуштайт элем. Анчалык экологияга куйсонор, Россиядагыдай кылып электробус алып келгиле.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан