Бүгүн, 26-июнга карата республика боюнча дагы 892 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, илдетке кабылгандар төмөнкү аймактардан.
Бишкек шаары – 401;
Ош шаары – 55;
Чүй облусу – 143;
Ош облусу – 81;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 110;
Баткен облусу – 61.
Муну менен өлкөдө илдет катталган күндөн тарта жалпы 119 миң 873 жаран жабыркады.