"Стамбулда бет каптар бекер таратылат". Мекендешибиз Түркия коронавирус менен кантип күрөшүп жатканын айтып берди (маек)

Түркияда апрель айында коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, вирусту көп жуктурган өлкөлөрдүн арасында 9-орунга чыкты. 15-апрелге карата Түркияда 65 миң 111 адам коронавирус менен ооруганы аныкталган. Анын 4 миң 799у айыгып, 1 миң 403 жаран көз жумду. Коронавирус эпидемиясы күч алганына байланыштуу Түркиянын 31 шаарына эс алуу күндөрүнө 48 сааттык коменданттык саат киргизилген. Учурда Стамбул шаарында жашап жаткан мекендешибиз Саид Салижанов пандемияга карабай түрк эли жайбаракат турмуш кечирип жатканы тууралуу SUPER.KG порталына маек курду.

"Түркияда бардык бейтаптар бекер дарылоодон өтүшүүдө"

- Менин Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатканыма 12 жыл болду. Бул жакта абал тынч, жашоо кадимкидей өтүп жатат. Учурда Түркия коронавирус менен күрөшүүдө АКШ, Англиядан да жакшы жыйынтык көрсөтүүдө. Себеби бул жакта бийлик элди чектеп, кыйнаган жок. Түркияда башка жактан келген жаран болобу, Түрк жараны болобу, ооруларды бекер дарылашууда. Мамлекеттик, менчик ооруканалар болобу, айырмасы жок, баарында бекер. Эл да бардык эрежелерди сактап жатат. Коомдук жайда топтолгон адамды көрбөйсүң, баары 1 метр аралыкты сактап, тартипти бузбайт.

"Кайсы жакка барба минтип аралыкты сактап, кезек күткөндөрдү көрөсүң".

"Коменданттык сааттын эртеси Стамбулдун жашоочуларына ысык нан таратып чыгышты"

- Өткөн аптадан баштап эс алуу күндөрүнө коменданттык саат жарыяланды. Ал учурда көчөгө чыккандарга 2500 лир (28 миң сомдун тегереги) айып салынат. Эмнеге эс алуу күндөрү коменданттык саат? Анткени ал күндөрү эл көчөгө көп чыккандыктан, коронавирустун жайылып кетүү коркунучу чоң. Андыктан эки эс алуу күнгө көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Коменданттык саат тууралуу жума күнү түнкү саат 23:00дө 24:00дөн баштап 48 саатка көчөгө чыгууга тыюу салынарын билдиришти. Албетте, мындай кырдаалга даярдыгы жок отурган адамдар бир саатта керектүү азыктарды алганга жетишели деп көчөгө жабылып чыгышты. Дүкөн, нан саткан навайканаларда эл аябай көп чогулуп кетти. Мындайды күтүшпөсө керек, ички иштер министри Сулейман Сойлу элден кечирим сурап, "менин катачылыгым болду, отставкага кетем" деп чыкты. Анын отставкасын өзүңүздөр билгендей, президент Режеп Тайип Эрдоган кабыл алган жок. Туура эле кылды, анткени Сойлу өз ишин мыкты билет. Чынында ошол учурда саламаттыкты сактоо министри менен ички иштер министринин ортосунда түшүнбөстүк орун алып, ал да Сойлунун кызматтан кетем дегенине бир себеп болгон. Ал күндүн эртеси көпчүлүк шаардыктардын эшигинин астына ысык нандарды калтырып кетишти. Ал эмес күнү бою унаа менен нан жеткирип берип жатышты.

"Коменданттык саатты бир саат мурун жарыялагандыктан,
толтура эл көчөгө азык-түлүк алганы чыгышты".


"Күнүнө 30-35 миң адамдан тест алып жатышат"

- Стамбулда азык-түлүктү сатып алууда эч кандай маселе жок. Баары мурунку баадан көтөрүлбөй сатылууда. Эгер бааны көтөргөндөр болсо, аларга чоң айып салынат. Ал эми бет кап, антисептикалык каражаттар тууралуу тартыштык жок. Кайсы дарыканага барба, бир жаранга 5 бет кап бекер берилет. Интернет аркылуу медициналык бет кап алам деп буюртма берсең бекер жеткирип беришет. Мына кечээ эле президент антисептикалык каражаттарды жасап башташканын айтты. Жакында антисептикалык каражаттар да бекер берилип баштайт.

Учурда күнүнө коронавируска кабылган 30-35 миң адамдан тестин алып жатышат. Алдыда 50 миң адамга тест кылабыз дешүүдө. Бул жактан алганда Түркияда вирус жуктуруп катталгандар менен, Европага караганда сакайып чыккандар көп катталып жатат.

Ал эми Кыргыз өлкөсү тууралуу айта турган болсом, ар бир жаран талап кылынган эрежелерди сактап эле койсо коронавирустун алдын алмак. Учурда өлкөбүздүн түштүк аймагында коронавирус жуктургандар көп катталып жатпайбы. Ошого байланыштуу мен бул жактагы компаниялар менен медициналык бет каптарды гуманитардык жардам катары берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Буюрса, жакын арада бул маселе чечилсе, муктаж болгондордун өздөрүнө жеткиртип берем.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-04-15 18:37:58
Башка элден эмнебиз кем кыргызстан деген жазуубуз эле калыптыр калганын жексурлар жок кылышты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан