Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өлкөнүн жашоочуларын ашыкча бирөө менен катнашта болуудан баш тартып турууга чакырды. Бирок ал бул такыр эле үйдө отур дегенди түшүндүрбөйт экенин кошумчалады.
"Эшикке чык, велосипед теп. Таза аба менен дем алып, өпкөңдү иштет. Бул өпкө оорусу да. Үйдө эч нерсе кылбай отура берсең өпкөң каяктан иштейт. Анда ооруп калуу мүмкүнчүлүгү кайра көбөйөт", - деген өлкө башчысы.
Ошондой эле Лукашенко эркектерге жакынкы күндөрү башка айымдар менен таанышпай турууга чакырды, ал эми үй-бүлөсү бар эркектерге алар менен гана болуп, башкалар менен сүйлөшпөө керектигин айтты. Бирок буга чейин байланыш үзүлбөгөн адам менен баарлашууну уланта берсе болорун кошумчалады.