КРнын президенти: "Беш бармак жеп, сөөктү балкондон ыргыткан өзүбүз. Анан Бишкек таза эмес деп нааразы болобуз"

"Чет өлкөгө барганда Кыргызстанды салыштырып уялам",- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Бишкектин Түштүк магистраль көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышында. Айтымында, шаарды бишкектиктер өздөрү булгап, буга мэрияны күнөөлөп жатышат. "Башка жактан келип эч ким шаарыбызды булгап жаткан жок. Беш бармак жеп, балкондон сөөктү ыргыткан да кыргыздар өзүбүз. Нарынга барасыңбы, Аксыга барасыңбы жолдун бою пакет менен бөтөлкөгө толгон. Мекенибизди сүйүүнү үйрөнөлү",- деди өлкө башчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан