"Кумтөр" боюнча айыпталып кармалган экс-министрлер Болот Абилдаев менен Темирбек Акматалиев үй камагына бошотулду. Муну Октябрь райондук сотунан билдиришти. Чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Анарбек Мамбеталиев чыгарды. Эске салсак, 25-октябрда Башкы прокуратуранын көзөмөлүндөгү мекемелер аралык тергөө тобу мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев менен экс-каржы министри Болот Абилдаевди кармашкан эле.
Болот Абилдаев:
1991-93-жылдары КРнын чийки заттык биржасынын вице-президенти
1993-94-жылдары "Дасмия" ЖЧКсынын директору
1994-96-жылдары кыргыз-казак биргелешкен "КиК Ltd" ишканасынын директору
1996-97-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору
1997-99-жылдары Свердлов районунун аймактык казыначылык бөлүмүнүн башчысы
1999-2000-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы "Түндүк" темир жолу бажысынын башчысы
2000-2002-жылдары Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору
2002-2003-2005-жылдары Каржы министри
2006-жылы орусиялык "Газпром" компаниясынын президентинин кеңешчиси
2006-жылдын июль айынан бери "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштейт.
Темирбек Акматалиев:
1996-1998-жылдары Ала-Бука районунун акими
1998-1999-жылдары Талас облусунун губернатору
1999-2001-жылдары Ош облусунун губернатору
2001-2002-жылдары Каржы министри
2002-жылдын 18-январынан ошол жылдын май айына чейин ички иштер министри болуп иштеп, Аксы окуясынан кийин отставкага кеткен
2002-жылдын 14-августунан 2003-жылдын 18-декабрына чейин президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары
2003-жылдын 18-декабрынан 2004-жылдын февраль айына чейин экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.
Кийин бир катар кызматтарда иштеп, 2005-жылы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп кайра дайындалып, бир топ убакытка иштеген.