Улукбек Марипов жубайы менен бирге COVID-19га каршы вакцина алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Улукбек Марипов пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды вакцина алууга чакырды.

"Министрлер кабинети жарандарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоодо, бул вирустук илдеттен коргоонуу үчүн натыйжалуу жана коопсуз ыкма болуп саналат.

Жакынкы арада биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландаштыруудабыз. Азыркы учурда өлкө жарандарын вакцинациялоонун темпин күчөтүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдети болуп саналат", - деди ал.

Марипов медицина кызматкерлерине пандемияга каршы күрөшүүгө кошуп жаткан маанилүү салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2021-06-26 14:47:04
Урааа сонун жанылык,Марипов болгондо да жубайы менен вакцина алыптыр
+3
Umar7
2021-06-26 15:22:58
Жубайы сулуу экен
+8
Rifle_I
2021-06-26 16:05:32
Umar7,башканын аялына көз арткан болбойт.
+4
Nur777
2021-06-26 17:52:22
Umar7,абдан эле карапайым го,бутуна шлёпка кийип,чачын саксайтып жайып алып,очкини илип койгон)))) Кочодогу студент кыздар да тыканыраак,оздорун келбеттуу алып журушот го...всётаки 2-чи айым го))
Айгуль Жапарова айымдан улгу алчудай экен.
-6
Umar7
2021-06-27 00:29:14
Nur777,ким болсо ла жөнөкөй болгону жакшы
0
Kamchy-bek
2021-06-26 16:06:51
Эми зарплата алат...негизи эле жанагы Акылбек Ж атасынын чокойу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан