КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы кызматтан бошотулду
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов (сүрөттө) кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Башка жарлыктын негизинде чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Райимберди Дүйшөнбиев дайындалды.