"Алдыдагы шайлоолор үчүн өлкөнүн тагдыры менен ойнобош керек",- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Түштүк магистраль көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышында. "Кумтөр" маселесине токтолгон өлкө башчы: "Келишимдерден чыгуу 3 жолу "талак" деп айтып ажырашып кеткендей мусулмандын никеси эмес. Бул таптакыр башка нерсе, келишимдерден бир тараптуу чыгууга болбойт. Оюн ойногонду токтотуш керек",- деди.
Өлкө башчы азыркы ЖКнын депутаты Курманбек Осмоновдун дарегине сын айтты. "Кечээ Курманбек Осмонов кыйкырууда, "Кумтөрдүн" адвокаты болгон. 2003-жылдагы келишимге ушул урматтуу Курманбек Осмонов кол койгон. Ошондо кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыздан 16 пайызга чейин түшкөн. Урматтуу мекендештер, көздү ачкыла",- деди Атамбаев.