Бишкек шаарында жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү Тыныстанов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен патрулдук кызматкерлер кайгуул кылып жатып БМВ үлгүсүндөгү унааны текшерүү үчүн токтоткон. Документтерди текшерүү учурунда 1989-жылы туулган айдоочу жогорудагы унааны жасалма номер менен айдап жүргөнү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа айып короо аянтчасына токтотулуп, айдоочу Биринчи Май РИИБине тергөө иштери үчүн өткөрүп берилген.