Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынын атайын бөлүгү мыйзамсыз объектилерди демонтаждоону улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштеринен кийин Юнусалиев көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринин жарнамалык түзүмү өз ыктыяры менен жок кылынган. Ошондой эле ал жерде уруксаты жок кафенин чатыры демонтаждалган.

"Матросов көчөсүндөгү жеңил тосмону алып салдык, ээсинин уруксат кагаздары жок болчу. 4-кичи райондо №49 үйдүн жанындагы соода павильону, 5-кичи райондогу №30 үйдүн жанындагы соода күркөсү алып салынды. Манас кең көчөсүндөгү үч тосмо, Ибраимов көчөсүнүн жээгиндеги курулуш демонтаждалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан