УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатак боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын 2 кызматкерине дисциплинардык тартипте жаза колдонулду. Муну Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн, 26-октябрда шаардын Түштүк магистраль көчөсүндө жаңы көпүрө ачылып, ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Иш-чара учурунда аймактагы коопсуздукту 9-башкармалыктын жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушту. Өлкө башчы кеткенден 10 мүнөт өтпөй тартип сакчылары ортосунда жаңжал чыгып кетти.