Жогорку Кеңеште юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары болот

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары болот. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бул сөздүктү түзүүгө Жогорку Кеңешке көмөктөшүү боюнча USAID/DFID программасы колдоо көрсөттү.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2012-жылы юридикалык терминдердин бирдиктүү сөздүгүн түзүү демилгеси менен чыгып, мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн болчу. Сөздүк кыргыз тилинин стандарттарына ылайыктуу экспертизалардан өткөрүлүптүр. 14 миң терминден турган сөздүктүн электрондук түрүн түзүү да пландаштырылып жатат. Бул басылма менен  кыргыз тилиндеги терминдер менен иш кагаздарын бир түргө келтирүүгө жол ачылып, котормолордун сапатын жакшыртып, илимий изилдөөлөрдө мамлекеттик тилдин колдонулушун жандантууга жол ачыла тургандыгы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан