Жогорку Кеңеш: Бүгүн, 28-октябрда депутаттык топтордун статусун алуу маселеси талкууланат

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште “ЖКнын регламенти жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча кеңейтилген жыйын болот. Жыйында “депутаттык топтун статусун алуунун жана анын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби”, “комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо тартиби”, “убактылуу комиссияларды түзүүнүн жана алардын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби” жана “эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо тартиби” боюнча сунушталып жаткан түзөтүүлөр боюнча талкуу болот. Кеңейтилген форматтагы жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана башкалар катышат. 

Айта кетсек, учурда парламентте ар кандай себептер менен фракциялардан чыгып кеткен депутаттардан түзүлгөн бир нече депутаттык топ иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан