Лионель Месси Аргентинанын курама командасында футболдук беттештердин саны боюнча рекорд койду

Лионель Месси Аргентинанын курама командасынын футболдук беттештеринин саны боюнча Хавьер Маскеранонун рекордун басып өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 34 жаштагы Месси үчүн Бразилияда өткөн Боливия курама командасына каршы оюн өз өлкөсүнүн курама командасындагы 148-оюн болду. Ал эми өткөн жылы карьерасын жыйынтыктаган 37 жаштагы Маскеранонун эсебинде 147 матч болгон.

Месси өзүнүн жетишкендигин Боливия менен болгон беттеште натыйжалуу оюн көрсөтүп колдоп берди. Ал эки гол киргизип, Аргентина 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-06-30 11:17:16
Жанылыктан артта калбагыла,бир кун кеч чыгарбай
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан