Жарым жылда бир жолу коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүп туруу керек, буга чейин ооругандар үчүн дагы талап кылынат. Бул тууралуу Спутник V вакцинасын ойлоп тапкан Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология борборунун директору Александр Гинцбургга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гинцбург COVID-19 дайыма мутацияланып турарын билдирген. "Учурда саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык нускамалык документтеринде жазылгандай, ар бир алты айда эмдөөдөн өтүп туруу керек. Ооруп бүткөндөр дагы эмделиши керек", - деген ал.
"Коронавирустук инфекция жеңил түрүндө болсо дагы, организм үчүн терс кесепеттери бар", - деп эскерткен борбордун башчысы.