Бир суткада 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 учур кызыл зонада. Коронавирус илдети аныкталган медицина кызматкерлери катталган аймактар:

Бишкекте – 5

Ош шаары – 9

Ош облусу – 3

Жалал-Абад облусу – 1

Талас облусу – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 4 миң 814 медицина кызматкеринен аныкталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 7 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 1 медицина кызматкери айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 4654 медицина кызматкери айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан