Супер фактылар: "Атасы таштап кеткен". Бүгүн 55 жашка чыккан атактуу мушкер Майк Тайсон тууралуу кызыктар

Атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон тарыхтагы эң белгилүү спортчулардын бири жана атактуулугу боюнча Мухаммед Алиге атаандаш. Ал 1966-жылы дал ушул күнү 30-июнда Нью-Йорк шаарында туулган. Майк Тайсон 1995-жылы 25-мартта ислам динин кабыл алган.

Майк Тайсон тууралуу кызыктуу фактылар топтому

* Майк Тайсон дайыма шпинат жалбырактарын жана сельдерей сабактарын жейт. Мындай катуу диета спортчунун дене түзүлүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок - эки жылдын ичинде ал 50 килограммдан ашык салмак таштаган.

* 1986-жылы Майк Тайсон катышкан эң кыска беттеш болгон. Ага атаандашы Марвис Фрейзерди нокаутка учуратуу үчүн 30 секунд гана убакыт кеткен.

* 1997-жылы беттеш учурунда атаандашы мушкер Холлифилддин кулагын тиштеп алган.

* Майк Тайсондун атасы эч качан апасына үйлөнгөн эмес. Майк 2 жашында атасы аларды таштап кеткен.

* Тайсондун хоббиси бар - ал өмүр бою көгүчкөн багып келет. Учурда эки миңден ашуун көгүчкөнү бар.

* Жаш кезинде мектепти таштап, жергиликтүү көчө балдарына кошулган. Андан кийин ал бир нече жолу камакка алынып, жашы жете электер түрмөсүндө көп убакыт отурган.

* Күндөрдүн биринде мушкер Мухаммед Али 13 жаштагы Майк жаткан түзөтүү мекемесине келип, өспүрүмдөр менен маектешкен. Дал ушул окуядан кийин Тайсон профессионалдык бокс менен алектенүүнү чечкен.

* Ал 13 жашында жашы жете электер үчүн балдар колониясында жүргөндө, биринчи машыктыруучусу Бобби Стюарт менен таанышкан. Акылдуу машыктыруучу аны менен келишим түзүп, эгер Тайсон жакшы окуп баштаса машыктырарын айткан. Келишим ийгиликтүү болуп, Тайсон машыгып гана тим болбостон, китеп окууну жактырып калган.

* Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Тайсон бокс карьерасында 400 миллион долларга жакын киреше тапкан. Бирок ал акча тапканга караганда тезирээк акча сарптай алат: чоң кирешесине карабастан, 2003-жылы ири карыздарынын айынан банкрот болуп кала жаздаган.

30-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aitiev1210
2021-06-30 13:30:16
М.Тайсон -бул бокстагы легенда!!!
+4
nazira...
2021-06-30 19:02:56
Кийин атасын тапты.бекен өзү.же атасы жолуккан бекен, мага кызык болуп жатат.
0
Alia82
2021-07-01 10:33:00
Атасы апасына эч качан уйлонгон эмес дегени кызык го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан