Европада коронавирустун жаңы толкуну күтүлүүдө

30-июнга чейин Европанын калкынын 46 пайызы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышып, 26 пайызы гана толук эмдөөдөн өткөн. Бул туурасында оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Европа борбору чет элдик басылмаларга билдирген.

Аталган борбор мындай көрсөткүч илдет менен күрөшүүгө жетишсиз экендигин айтып, жаңы толкун башталарын божомолдоп, учурда Европа жаңы көйгөйгө туш болгонун белгилеген. Калктын иммунитетин иштеп чыгуу ар бир өлкөдө такыр башкача. Кээ бир өлкөдө эмдөө алгандардын саны канааттандырарлык деңгээлде болсо, башка өлкөлөрдө жокко эсе.

Италиянын Апулия аймагынын эпидемиологу "вакцинация - күзүндө пандемиянын кийинки толкунун токтотуунун бирден-бир натыйжалуу жолу" деп билдирди. Дарыгерлер 2021-жылдын август айына чейин Европанын аймагында COVID-19 оорусунун 90 пайызы вирустун дельта варианты болорун айтышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан