Армениянын премьер-министри Никол Пашинян үй-бүлөсү менен чогуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Пашинян социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айткан.
"Мен коронавирус инфекциясына каршы тест тапшыргам. Менден инфекция аныкталды. Андан кийин менин үй-бүлө мүчөлөрүм текшерүүдөн өтүштү, тилекке каршы, алардан да коронавирус инфекциясы аныкталды", - деген Пашинян.
Мындан тышкары премьер-министр өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү өзүнчө обочодо жүргөндө үйдөн эле иштей берерин айткан. Ошондой эле ал башкаруучулук ишин улантууга үйүндө бардык шарттары бар экендигин белгилеген.
Арменияда коронавирус инфекциясы жалпы 9 миң 282 адамдан аныкталды. 131 адам каза болсо, 3 миң 386 бейтап айыгып чыкты.