Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 9-май күнү кечинде бир стакан арак ичип, "Жеңиш күнү" аттуу ырды ырдайт. Бул тууралуу Песков орус басылмаларына берген маегинде билдирген.
Маалыматка ылайык, Песков күндүз жумушта иштеп бошобой каларын, кечинде үйгө барганда бир стакан арак ичип алып ырдаарын айткан.
Буга чейин президент Владимир Путин СССРдин Эл артисти Василий Лановойдун идеясын колдогон. Анда Путин орустарды 9-майда батирлеринин балконуна чыгып, "Жеңиш күнү" ырын чогуу ырдоого чакырган.
Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам Владимир Путин 9-майда өтүүчү Жеңиш парадын башка убакытка жылдырган.