Кыргыз өлкөсүнө гранттык долбоордун алкагында медициналык комплекстүү унаалар келди

Кыргыз өлкөсүнө Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун "Ден соолук кербени" аттуу гранттык долбоорунун алкагында медициналык комплекстүү унаалар берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү минстрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жабдыктарды тапшыруу аземине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Министр Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкына биздин өлкөгө көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Ушул мобилдик комплекстердин жардамы менен өлкө жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштардын жашоочуларын даректүү профилактикалык кароодон өткөрүүнү көбөйтөт. Учурда медициналык кызматкерлер окуудан өтүп жатышат. Жакынкы күндөрү автоунаалар Баткен облусунда иштеп баштайт", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

"Ден соолук кербени" долбоорунун максаты - ар кандай ооруларды, анын ичинде баштапкы баскычта ооруларды аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана табууну өркүндөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан