Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги сабиздин кымбатташына таасир эткен факторлорду атады

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун райондорунда сабиздин жана социалдык маанилүү товарлардын баасы менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте дыйкандарга, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушууда өсүмдүк майы, кумшекерди чекене жана дүң бааларынын сакталышына көзөмөл жүргүзүлүп, бааны негизсиз жогорулатууну алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

"Белгилеп кетүүчү нерсе, азыркы учурда Александровкадагы базарда сабиздин 1 килограммы орто эсеп менен 60 сомдон (жуулбай) жана 80 сомдон (жууп) сатылууда. Базарда жергиликтүү дыйкандар тарабынан өстүрүлгөн сабиз ​​арзан баада сатылат. Сатуучулар жана ишкерлер жакынкы аралыкта жаңы сабиздердин базарга келиши менен баалар турукташарын белгилешет", - дешти агенттиктен.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктен сабиздин кымбатташын сезондук фактор менен байланыштырат. Ошондой эле баалардын өсүшүнө төмөнкү факторлор түрткү болду:

- улуттук валютанын арзандашы жана натыйжада айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чыгымдарынын көбөйүшү;

- аба ырайынын ыңгайсыз шарттары (жаздагы үшүк, кургакчылык, жана азыркы учурдагы суу тартыштыгы);

- айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча так божомолдордун жана пландардын жоктугу;

- кошуна өлкөлөргө экспорттоо, бул республиканын ички рыногунда чектелген сунушка алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан