Министрлер кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналистти иш бөлмөсүнөн кууп чыкты деген видео социалдык тармакка тарады. Анда журналист Жоодар Бузумов маектешүү үчүн келгендигин айтып, губернатордон айрым суроолорго жооп берүүсүн суранган, ошол маалда аны белгисиз бирөө түртө баштаганын айтып чыкты.
Бул учур журналист тарабынан видеого тартып алынган. Бузумовдун айтымында, чиновниктин мындай күтүүсүз реакциясы Ленин айыл өкмөтүнө жерди мыйзамсыз өткөрүп берүү маселеси боюнча суроодон улам келип чыккан.