УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова сотто акталды

УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетованын ишинде кылмыштын курамы жоктугу аныкталып, акталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 1-июлда чыккан. Бул ишти судья Марлен Тентимишов караган.

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова экендиги белгилүү болуп, аталган агенттик тарабынан жетекчинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-07-02 08:36:28
Жакшы болуптур. Үмүт Мукамбетова эже ал андай ишке барбайт эле кармалганда эле айтканбыз подстава болуп калды окшойт деп негизи өтө күчтүү курч журналист эже
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан