Биз социалдык тармакта

Өткөн сутка ичинде борбордогу "Тез жардам" кызматына 550 чакыруу түштү

Бишкектеги "Тез жардам" кызматына өткөн сутка ичинде 550 чакыруу түшүп, анын 425и аткарылган. Станциянын басма сөз кызматынын 28-октябрда берген маалыматына ылайык, кызматкерлер 125 адамга жеринде жардам көрсөтүшүп, 77син ооруканага жеткиришкен. Шаарда 2 жол кырсыгы катталып, алардан 3 адам жаракат алган. Белгисиз адамдар 5 адамды сабап кетишкен (жабыркагандардын экөөсү аял). Мындан сырткары кошунасы 60 жаштагы адамды сабап салган. Сутка ичинде 3 адамдын каза тапканы катталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан