"Туулган күнүм кадимки күндөрдөй эле өтүп жатат. Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүмдү кызым экөөбүз үйдө тосуп жатабыз. Пандемияга байланыштуу майрамдык кече уюштурган жокмун", - деди алып баруучу.

Нурзат Токтосунова 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, олимпиаданын жыйынтыгы менен эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетине сынаксыз кабыл алынып, эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп бүтүргөн. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Маданий ишмердүүлүк" факультетин аяктаган.
"Курманжан датканын 200 жылдыгы", "Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы", "Куйручуктун 145 жылдыгы", "Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы", "Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы", "Ысык-Көлдө кадыр түн-2010, 2011, 2012", "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер концерт" жана башка ушул сыяктуу көптөгөн иш-чараларды алып барган.

"Интернет аркылуу деле жардам сурап кайрылган кыздар болот. Алардын көбү "алданып, боюмда болуп калды, ата-энеме айткандан корком, окуудан чыгып калдым" дешет. Чынын айтсам, мен деле мурун көп нерсени ата-энеме айткандан коркчумун. Ыйлап келгендерге боорум ооруп, айлап, жылдап үйүмдө багып, окуудан чыгып калгандардын окуу акысын төлөдүм. Күйгөндө да ошол адамдардан күйдүм. Мисалы, бир кыз жаңы туулган ымыркайын "көчөгө таштайм, сиз багып албасаңыз муунуп өлөм" деп жатып баласынан баш тартып кеткен. Бир нече ай баккандан кийин кайра менин үстүмөн арыз жазбадыбы. Мен эч нерсе айта албай, жөн гана отуруп бердим. Анткени окуяны таптакыр башкача айтып жатса, оозума сөз кирбей, абийир, адамдык сапат дегендин жоголуп кеткенине ичим өрттөнүп эле отуруп калдым".
Апамдын аты Бүбүш. 5 эркек, 3 кызды төрөп, чоңойткон кыйын эне. Апам курч, өткүр аял. Ар бир эле бала өз апасын өзгөчө деп билет болуш керек. Бирок апам чын эле башкача аял. Чечкиндүү, бир нерсени шарт чечип коё алат. Чечим чыгарууга жүрөк, эрк керек эмеспи. Менин апамдан алган сапатым - сөзмөрлүгүм. Азыркыга чейин жалаң фразеологизм менен сүйлөйт, курч тамашалайт. Анан экөөбүздүн "тургула, болгула!" деп эле эч кимди жөн отургузбаганыбыз да окшош дешет. Энергиясы аябай көп, иштей берет, жанындагылардын бош турганын жаман көрөт. Биздин бала чак жумуш кылуу менен эле өттү. Азыр апама ыраазы болуп калабыз. Анткени "билбейм" деп тургандан көрө "билем" деп ишти бүтүрүп салган жакшы да. Апам күчтүү мотиватор. Жашоосунда кандай кыйынчылык болсо да ордунан туруп, алдыга умтулганды билет. Апам бизди уядан эле кадимки турмушта кезиге турган нерселерге даярдап, көп нерсе үйрөтүп койгон экен. Бээ саап, жарма бышырып, кымыз жасагандан баштап шырдак шырыганга чейин үйрөткөн. Эмгекке ушунча үйрөткөн, жадакалса сыналгыны да жүн тытып отуруп көрчүбүз", - деп айткан буга чейинки берген маектеринде.