85 жашында дүйнө салган Кыргыз Эл артисти Балбай Алагушевдин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарага узатуу зыйнаты бүгүн, 2-июлда болгонун Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев билдирди.
"Балбай Алагушевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Зыйнатта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ильязбек Балташев жана залкар инсандын замандаштары, жердештери эскерүү сөзүн сүйлөдү", - деди ал.
1-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргыздын туңгуч музыка таануучусу катуу оорудан улам көз жумганын
кабарлаган.