Бүгүн, 2-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 104 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 2-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 104 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 601 метр куб, агып чыгышы 374 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 1-июлда суу сактагычта 11 миллиард 84 миллион миң метр куб суу бар болчу.