Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн Пакистан жана Израилдеги элчилерин дайындады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Уланбек Тотуяев Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Ошол эле учурда Кубанычбек Өмүралиев ишин айкалыштыруу боюнча Түркиянын Анкара шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз өлкөсүнүн Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Тийиштүү буйруктарга Садыр Жапаров кол койду.