Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы ырчы, "Эмгек" партиясынын талапкери Самат Дөөлөтбаковдун үстүнөн түшкөн арызды карады. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Арызда Самат Дөөлөтбаков Бишкек шаарынын Саманчин көчөсүндөгү турак жайлардын биринде мыйзам бузуу менен үгүт жүргүзүп жатканы айтылган. Ырчы балдар аянтчасын иретке келтирип: отургучтарды жана селкинчектерди боёп берген. Арыздануучу бул шайлоочуларды сатып алуу деп эсептейт жана Бишкек АШК менен БШКдан чара көрүүнү суранган.
Бишкек АШКсы талапкер Самат Дөөлөтбаковдун аракеттеринде шайлоо өнөктүгүнүн тартиби жана эрежелери бузулган эмес деп аныктаган.