Бишкектин, өлкөнүн келечеги "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын колунда

“Биздин Кыргызстан” саясий партиясы - бул Кыргызстандын прогрессивдүү жаштарын бириктирген жаңы, жаш партия. Бишкектин, өлкөнүн келечеги булардын колунда”, - деп Тынар Тулан уулу өз колдоосун билдирди.

Ал саясий бирикменин өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошууга ниеттенүүдө.

Тынар Тулан уулу 1991-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Бишкек шаарында мектепти аяктаган.

2006-жылы Бишкек каржы-экономикалык колледжине тапшырган. Окууну аяктагандан кийин, Бишкек финансы-экономикалык академиясында экономика факультетинде окуусун уланткан.

Техникумда дагы, академияда дагы билим берүү мекемелеринин турмушуна активдүү катышкан. Ал ар кандай иш-чараларды уюштурган, көптөгөн долбоорлордун демилгечиси жана идеялык шыктандыруучусу болгон.

2014-жылы окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик кызматта эмгек жолун баштаган. Биринчи иштеген жери Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлиги болгон.

21 жашында Тынар мекеменин эң жаш бөлүм башчысы болгон. Андан башка көзөмөлдөөчү органда, салык кызматында иштеген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде атайын администратор болуп эмгектенет.

Тынар чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган. Белгилей кетүүчү нерсе, чоң атасы Датка Акималиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген финансисти, өлкөнүн ардактуу аксакалы.

Бала кезинен бери ал так илимдерге умтулат. Чоң ата, чоң энеси ага татаал арифметикалык маселелерди чыгарууну үйрөтүшкөн, аны менен шахмат ойношкон.

Мунун бардыгы анын экономист кесибин тандап, финансисттер династиясын улантуусуна таасир эткен. Ал бир орунда турбайт, дайыма жаңы билим алганга умтулат.

Квалификациясын жогорулатуу максатында, кризиске каршы тобокелдиктерди башкаруу багытында Инновациялык кесиптер институтун аяктаган.

Мамлекеттик кызмат менен катар Тынар коомдук иштерге активдүү катышат.

2015-жылдан бери ал өзү жашаган аймактын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип келет. Балдар аянтчаларын оңдоп-түзөөгө жана жашылдандырууга демөөрчүлөрдү табат.

Жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоо күнүндө Тынар өзүнүн пикирлештер тобу менен балдар үйлөрүнө жана интернаттарга таттуу белектерин тапшырат, мындан тышкары балдар үйлөрүнө кеңсе шаймандары, буюмдар, кийим-кече жана башкалар менен жардам берет.

Тынардын так жарандык позициясы бар. Ал ар бир Бишкектин тургуну шайлоо участогуна келип, өз тандоосун жасашы керек деп ишенет. Бишкек шаардык кеңешине болгон бул шайлоодо Тынар Тулан уулу "Биздин Кыргызстан" саясий партиясын колдойт.

Келечегиңиз үчүн добуш бериңиздер! Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары үчүн добуш бериңиздер! “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына добуш бериңиздер!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-07-05 21:24:29
Уят тууган, өлкөнүн келечеги силердин колуңарда болсо, анчалык бийик сезбегиле өзүңөрдү,
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан