Сургут шаарында өрттөн каза болгон бир тууган балдардын иши сотко өттү. Апасы күнөөсүн моюнга алган

Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон 9 жана 6 жаштагы балдардын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балдардын энеси күнөөсүн моюнга алып, ага "эки адамдын өмүрүн алуу" беренеси менен иш козголгон.

Эске салсак, 11-март күнү Сургут шаарында (Ханты-Мансийск автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, 9 жана 6 жаштагы эки бала каза болгону маалымдалган. Алар Кыргыз жарандары болушкан. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси кырсык болгон учурда жумушта болгон.

Балдарын жерге берүү зыйнатына апасы келе алган эмес. Ал эми атасы айылда экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaysan030
2021-07-06 03:57:02
Кантип мойунга алган? Атайын кылганбы? Эмне себептен болгон толук жассанар?!
+1
Nur-sultan
2021-07-07 11:26:09
Шалаакылык үчүн жооп берет. Кебир ата-энелер жаш балдарды сыртка чыгып кетпесин деп эшикти сыртынан бекитип кетишет. Эгер өрт чыкса балдар сыртка качып чыгалбай калышат. Ошол эшикти сыртынан бекитип койгону үчүн жооп берет эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан