Кечээ, 5-июль күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалып, Түркияга алып келингенин билдирген. Буга улай түрк басылмалары кармалган Кыргыз жаранынын сүрөттөрүн жарыялашкан. Ал эми социалдык тармактарда колдонуучулар Орхан Инандынын Түркиядагы азыркы абалына кабатыр болушууда. Жарыяланган сүрөттөрүнөн анын колу сынганын, кыйноого кабылганын жазып, мамлекет өз жаранын коргой албай жатканына нааразычылыктарын билдиришүүдө.
"Бул кишини кыйнап коюшуптур, жүзү менен колу айтып турат".
"20 жашка картайып кеткен, өлкөнүн атайын кызматтарынын кыйноолорунан чарчап-чаалыгып, алар тарабынан ур-токмокко алынып, кемсинтилген, эң негизгиси, анын өлкөсү, мекени ага чыккынчылык кылган Орхан Инанды".
"Колу сынганы шишип калганынан көрүнүп турат. Алар жашашына жол бербейт".
"Кыргыз жаранын уурдап кетсе боло берет экен да. Кыргыз өлкөсүн эч ким тоготпой калыптыр".
"Атасы үй-бүлөнү бага албай, баласын саткан менен тете иш болду деп туура айтып жатышат. Аттиң ай, өлкөнүн келечегин жок кылсаң билимдүүнүн тамырын кырк болду. Бизди кечириңиз, Орхан агай..."
"Биз өз жараныбызды Түркияга салып бердик. Эртең мунун ордуна кимдир бирөөбүздү да бериши мүмкүн".
"Демек, эртеңки күнүбүз бүдөмүк, каалаганы кирип өзүнө керектүү болгон тың чыкмабызды алып кетпейт деген кепилдик жок. Бул мамлекеттин бүтүндүгүнө, өз жарандарын коргой албагандыгына шек келтирет. Өз мекенибиз бизди коргой албаса, өз мекенибизде коркпой жашай албасак, биз деги кимбиз? Жөнөкөй эле салыштыруу - өз үйүбүздө бизди ата-энебиз коргой албаса кандай болот?".
"Таанылгыс болуп калыптыр. Ушунча да кыйнашабы? Жүрөгүм ооруп турат".