Биз социалдык тармакта

Кыргыз жарандары Катар мамлекетинде билим алса болот. Шарттары кандай?

Катар мамлекети Кыргыз жарандарына 2021-2022-окуу жылына карата стипендиялык программаларды сунуш кылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Катар өнүктүрүү фонду (QFFD) башында турган Катар Стипендиялары (QS) Катар мамлекетиндеги бир нече абройлуу жана алдыңкы билим берүү мекемелери менен өнөктөш болуп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эл аралык студенттерине тил жана жогорку билим берүү гранттарын сунушташты.

Кантип тапшырса болот?

  1. Талапкерлер алгач каттоодон өтүп, тандаган окуу жайынын кабыл алуу талаптарына жооп бериши керек;
  2. Талапкерлер тандалган академиялык мекемелерге стипендия алуу үчүн кайрылышат;
  3. Академиялык институт QS стипендиясын каржылоого академиялык талаптарга ылайык талапкерлерди көрсөтөт;
  4. QS Катар стипендиясын ала турган талапкерлердин акыркы тизмесин тандайт.

Программа боюнча кененирээк маалыматты бул шилтеме http://qatarscholarships.qa/ аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан