Учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Садык Доган сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат таратыла турганын айтты.
Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.