"Евро-2020": Италия Испаниянын пенальтилер сериясында утуп финалга чыкты

Бүгүн, 7-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык беттеши өттү. Анда күчтүү делген Италия курамасы менен Испания Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда кез келип, Италия пенальтилер сериясында Испанияны жеңип алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылбай тараптар эс алууга кетишкен. Экинчи бөлүктүн 60-мүнөтүндө Италиянын чабуулчусу Федерико Кьеза эсеп санын ачты. Мындан кийин Испания күч алып бир нече кооптуу абал жаратты. Оюндун 80-мүнөтүндө алмашууга чыккан Альваро Мората эсеп санын теңеп, беттештин негизги убактысы тең чыгуу менен аяктады.

Кошумча 30 мүнөттүктө дагы эки команда канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алышкан жок. Жыйынтыгында пенальти орун алып, анда Италия 4:2 эсебинде жеңүүчү аталды.

Муну менен Италия турнирдин жарым финалына чыкты. Финалда Италия бүгүн боло турган Англия-Дания беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан