Орусиянын Камчатка аймагында жарга урунуп, Охот деңизине кулап түшкөн АН-26 учагынын 19 жүргүнчүсүнүн сөөгү деңизден табылды. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулар борттогу 28 адамдын 19унун сөөгүн табышкан. Алардын аты-жөнүн аныктоо үчүн генетикалык тестирлөө талап кылынышы мүмкүн. Азырынча бир адамдын өздүгү такталды.
Учурда ыкчам издөө иштери улантылып жатат. Издөө иштерине катуу шамал тоскоол болууда.
6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган.