Унаа жолдон чыгып сайга түшкөн. Жалал-Абадда 1 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам мерт кетти. Дагы 3 жаран жабыркаганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтен билдиргендей, Кара-Көл шаарынын Кара-Жыгач тилкесинде Шевроле Круз үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып сайга кулап кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган А.А. каза болуп, дагы 3 жаран жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгон жаранды куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөр чыгарып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине 3 куткаруучу тартылган", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан