Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетмекчимин”, - деп кайрылган Ажикеев.