Биз социалдык тармакта

Президенттин маалымат катчысы: "Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген сөздөр акылга сыйбаган нерсе"

Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деп айтылган божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөн тартып президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган. Мындан сырткары буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракет атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулуп калганы белгилүү болду. Алар ага жан сакчылардын коштоосунда жана этият жүрүүсүн эскертишкен.

Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ, 6-июлда Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, Түркиянын жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kazakov1991
2021-07-07 22:14:06
Бул балашка эмнени билет экен . Ошто ресторанда иштеп журуп эле Ак уйго келип калган бала ушулбу?
+5
modem4999
2021-07-07 22:23:08
Башка эмне дешмек эле
0
jazmina909090
2021-07-07 23:56:05
3тамганы жепсин сен балакай.Сен азыр саясатта лялясын.Саясаттвн катышы жок эле түрктөр танцага түшүп камырабац сопровождения менен алып кетти деп түшүнөлүбү или кандай???
0
AdylbekB84
2021-07-08 00:05:30
Азыр эмес 5 жылдан соң чыгат, бийлик алмашпайын Кыргызстанда чындыкты издөөнүн, күтүүнүн өзү сандырактык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан